Кыргыз медицина кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө флешмоб аркылуу чакырык таштады. Ак халатчандардын дүйнөлүк флешмобго катышкан бийи социалдык тармакка жарыяланды. Андан дарыгерлердин Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Курманжан Датканын эстелигинин алдында жана медициналык жайлардын имараттарында массалык түрдө бийлегенин көрүүгө болот.
Өмүр сакчылары COVID-19 пандемиясынын гимни аталган "Jerusalema" ырына бийлешкен. Дарыгерлер муну менен жарандарды эмдөөгө активдүү катышууга чакырышат.
Калктын коллективдүү иммунитетин калыптандыруу үчүн республиканын 70 пайыз калкы, тагыраагы 2 миллион 400 миң жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Вакцинациялоо республика боюнча акысыз жүргүзүлөт.