Түркиянын Анкара шаарындагы Гёльбаши районунда кыргыз каада-салттарын таанытуу боюнча фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу аталган фестивалга катышкан мекендешибиз Уулбүбү Кармышева билдирди.
Анын айтымына караганда, фестиваль 26-сентябрда болуп өткөн.
"Фестивалга Анкарада иштеп жүргөн кыргыздын мыкты уул-кыздары жана Вандык кыргыздар катышты. Анда улуттук каада-салттар, кийимдер жана улуттук тамак-аштар көрсөтүлдү. Улуттук колориттеги буюмдар сатыкка коюлду", - деп билдирди мекендешибиз Кармышева.