Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Тараптар турак жай-коммуналдык чарба жана адистештирилген жабдууларды жеткирүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри менен Ташкент шаардык мэриясынын ортосундагы байланышты жаңыртуу жана тереңдетүү маселелери талкууланды.