Ташкент шаарында өткөн эл аралык "Жибек Жолунун бермети" кинофестивалында Кыргыз Эл артисти Айтурган Темировага атайын сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына кино сынчы Гүльбара Төлөмүшова жазган.
Маалыматка ылайык, кинофестивалда дүйнөлүк кинонун 5 көрүнүктүү ишмери дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн атайын сыйлык менен сыйланышты. Айтурган Темировага белгилүү орус-казак кинорежиссёру Тимур Бекмамбетов сыйлык тапшырды.
Белгилей кетсек, Айтурган Темировага Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды.