"Жоолукчан окуучуларды мектепке киргизбей жаткан директорлорго, мугалимдерге чара көрүлүшү керек", - деп бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Ахмедов билдирди.
"Укуктуу, татыктуу билим алганга бардык балдар милдеттүү да. Мектептерде укуктар бузулуп жатат. Мектептерде жоолукчан кыздарды, мугалимдерди кууп жатышыптыр. Мындай окуялар республиканын бардык аймактарында катталып жатат. Буларга ким укук берди? Мыйзамды сактабаган мектептин жетекчилерине, мугалимдерине чара көрүлүшү керек. Мектептин уставы деп киргизбей жатыптыр. Мыйзам уставдан жогору да. Кааласаңыздар далил берейин", - дейт ал.