Бүгүн, 30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 301 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты."30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 301 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 255 метр куб, агып чыгышы 177 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 29-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 294 миллион метр куб суу бар болчу.