Бүгүн, 30-сентябрь күнү Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына Баткен окуясынын катышуучулары митингге чыгышты.
Митингге өлкөнүн бардык аймагынан келген Баткен окуясына катышкандар чыккан. Алар бийликтен ардагер статусун берүүнү жана алардын статусун мыйзамда так жазууну талап кылышууда.
Мындан тышкары митингге чыккандар Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындары мамлекеттен миң сом пенсия аларын айтышып, бул суммага нааразы экендигин билдиришти. Митингчилер бийликтен пенсияны 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.