YouTube видео кызматы туура эмес маалымат менен күрөшүүнүн алкагында кандайдыр бир коронавирустук вакцинаны сындаган бардык видеолорду алып салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, YouTube'дун вице-президенти Мэтт Халприндин айтымында, вакциналар коркунучтуу же ден соолукка узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизет деген видеолор платформа тарабынан бөгөттөлөт.