Биз социалдык тармакта

ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 55 жылдыгы белгиленди

ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 55 жылдыгына жана күжүрмөн тууну тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов катышты.

"Бүгүн 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы үчүн өзгөчө күн, анткени Күжүрмөн Тууну тапшыруу күнү аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 55 жылдык мааракесине туш келди", - деди колбашчы өз сөзүндө.

Күжүрмөн Тууну тапшырып жатып колбашчы, аталган бөлүктүн өздүк курамынын, 2005-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекетибизде болуп өткөн коомдук-саясий кырдаал учурунда жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилген учурда карантиндик режимди камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүшкөнүнө токтоло кетти.

Салтанаттуу иш-чараны утурлай бөлүктүн бир топ аскер кызматкерлери медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан