30-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Алтай Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Делегацияны Алтайдын Эл-Курултайынын төрагасы Артур Кохоев тосуп алды.
Сапардын алкагында республиканын жетекчилиги жана аймактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимов бар.