Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарына жылуулук качан берилет? Тийиштүү мекеменин жообу

Бүгүн, 1-октябрда күн суук болуп кеткенине байланыштуу социалдык тармактарда кээ бир шаар тургундары жылуулук качан берилери тууралуу суроо салышты.

SUPER.KG порталы "Бишкек электр станциялар" ачык акционердик коомуна байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Күз-кыш жылытуу мезгили Бишкек шаарында мэриянын токтомунан кийин башталат. Адегенде штаб уюштурулат, штабда Кыргызгидромет, Бишкек жылуулук тармагы, ЖЭБ Бишкек, мэрия жана башкалар катышат. Андан соң мэр кол койгондо биз жылуулук берүүнү баштайбыз", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, былтыр Бишкек шаарына 9-октябрдан тарта жылуулук бериле баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан