Биз социалдык тармакта

"Калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт" дейт Азиз Аалиев

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев маалымат жыйында билдирди.

"Кабыл алынган орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана киловатт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 киловатт саатка чейин керектөө менен тариф киловатт саатына – 0,77 сомду, айына 700 киловатт сааттан жогору болсо, тариф киловатт саатына 2,16 сомду түзөт.
Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда киловатт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.
Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 киловатт саат үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет.
Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3 пайызды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza_kyrgyz
2021-10-02 19:35:29
Эмнеге которулбойт,Тескерисинче тушуробуз,лимитти алабыз деп келбединер беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан