Биз социалдык тармакта

"Гүл десте сунуп". Калаа башчысы Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев улгайган жарандарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев улгайган адамдарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктаган. Ал 3-ноябрда 101 жашын белгилей турган Вера Аманкуловага барып, ага гүл десте сунуп, акчалай жардам берди.

Вера Петровна 1920-жылы 3-ноябрда Украинада төрөлгөн, тылдын жумушчусу. Согуштан кийинки жылдары Фрунзе шаарына көчүп кеткен. Ал бир уул, эки кызды тарбиялап, 6 небере жана 14 чөбөрөнүн чоң энеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан