Футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында негизги калыстык милдетти аткарган Нурдин Букуев ФИФА уюмунун президенти Жанни Инфантинодон сыйлык алды.
Аргентина менен Португалиянын курама командалары беттешкен финалдык беттеш кечээ, 3-октябрь күнү кечинде болуп, оюн 2:1 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Бул финалдык беттеште кыргыз калысы Нурдин Букуев негизги калыстык милдетти аткарды.
Муну менен Нурдин Букуев төрт Дүйнө чемпиондугунда беттештерди тейлеген дүйнөдөгү биринчи футзал калысы болду. Бул абсолюттук рекорд.
Сыйлык тапшыруу аземинде Букуев жетектеген калыстар тобу ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлыктарды алышты.