Биз социалдык тармакта

Жыл аягына чейин 110 "Тез жардам" унаасын сатып алуу пландалууда

Жыл аягына чейин 110 "Тез жардам" унаасы сатып алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, жыл аягына чейин 150 даана "Тез жардам" унаасын сатып алуу пландалууда.

"Учурда "Тез жардам" унаасы өлкө боюнча 95 пайызга камсыздалды. Тоолуу аймактарда эскирген унаалардын ордуна жаңыларын алганы жатабыз. Кайсы жерде муктаждык чоң болсо, ошол жерге жеткирип беребиз.

Бүгүнкү күндө биз Орусиядан 3 миллион доллар грант алып жатабыз. Бул сумманын баарына 110 даана "Тез жардам" унаасын алабыз. Жыл аягына чейин унааларды алып калабыз деп ойлоп жатам. Мындан тышкары Ислам, Евразия банкынын эсебинен "Тез жардам" унаасын сатып алууну пландап жатабыз", - деп билдирди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
emirchik
2021-10-04 16:46:35
Рассиянын Газелин албайле койсо жакшы болмок
+2
tsunse
2021-10-04 22:19:07
Ооба 100 газельден коро жаны 10 спринтер жакшы. Булар ошо газель алабыз деп коздоп жатат акча болдуруп жарымын жешет. Анан 12 газель алып мактанышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан