
Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасы Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргыз өлкөсүнө электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдингдин" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул энергосистема аймактагы электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
"Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылат.
Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен Энергетикалык системасынын алкагындагы макулдашууларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Белгилеп өтсөк, буга чейин энергетика министри
Доскул Бекмурзаев Кыргыз өлкөсү 1-октябрдан тарта Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаганын маалымат
жыйында айткан.
Ал эми Тажикстандын жергиликтүү маалымат агенттиги кыргыз министринин айткандарын жазып, бирок Тажикстандын өзүндө күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясы тартыш болорун белгилеген.