Биз социалдык тармакта

Тажикстан электр энергиясын берсе Кыргыз тарап чек арасын ачабы? Жооп

Кыргыз өлкөсү 1-октябрдан тарта Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.

Министр электр энергиясын кандай баада сатып алышканын атаган эмес жана сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын билдирген.

"Тажикстанда азыр жетиштүү. Ошондуктан алар бизге сунушташты. Күнүнө 1 миллион киловатт-саат импорттойбуз. Баасын айтпайм. Төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат ", - деди Доскул Бекмурзаев.

Ошондой эле ал Тажикстан менен чек аранын жабылышы тууралуу суроого жооп берип жатып энергетика тармагы саясатка көз каранды эмес экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, ушул айда 30-50 миллион киловатт-саат тажик электр энергиясын импорттоо пландалууда. Энергетиктер чыр-чатактар учурунда да иштешерин жана электр энергиясын жеткиришерин кошумчалаган.

Мындан тышкары Орусиянын электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы маалымдалат.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Кыргыз мамлекетинин башкы суу сактагычы Токтогулда суунун деңгээли өтө төмөн болгондуктан, өлкөдө электр энергиясын колдонууга катуу чектөө киргизилген. Ал эми Тажикстандын өзүндө өткөн күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздиги байкалган, аны өлкөнүн айыл жерлеринде берүүгө чектөө киргизилген. Быйылкы күздө эч кандай чектөөлөр жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
O.dembele
2021-10-05 19:14:25
Бизди ушунтип алдап чек араны ачып алышат экен да.
+11
Apyn8793
2021-10-05 19:56:56
O.dembele, эгер алар беришпесе кайра жаап коюш оной Ташиев и Жапаров учун
-4
alimbek94
2021-10-05 20:09:38
Apyn8793,
Таджикстан официалдуу маалымат берди. Кыргызстанга энергия сатышкан жок.
+1
Antiradikal3
2021-10-05 20:34:24
Бул министр крышасы кеткен манкуртпу не? Баасын айтпайм дегидей как будто оз чонтогунон акча чыгарып оз уйуно продукты сатып алып жатса экен......

Ушундай чимкириктерди министр кылып отургандарга наалат болсун..... Тажиктерден ток сатып алгыча токтун зымына асылып олуп алышса сооп болоор эле.......
+20
Nurtoruk
2021-10-05 20:55:58
озубуздо ГЕС толтураго жетпейби ошол Кыргызстанга
+2
Mirnar
2021-10-05 22:02:33
Сууну бекер агызып кошуналарга берсенер ушундай болот. Колдон келишинче кичи гестерди курсак болбойбу, тамакты кичине тыя туруштуда ойлонуп коюшса...
+5
Dembele84
2021-10-05 22:17:51
Мурдуна бок суйколгон элбиз да.Бир нормальный бийлик келбеди бизге.Сатып албаган тажиктер калды эле озу.Биз озубуздогу сууга озубуз ГЭС куруп элди электр энергиясы менен камсыз кыла албасак,анда зачем кереги бар кресло талашкан бок курсактардын?
+6
Mina24
2021-10-06 10:24:29
Dembele84,анда сен министир бол да сындын да чеги болот сен бир жакшы каментарий жазбайсын негетив менен эле журосун сен онолсон алар озу эле онолот адам озун ондомойун ушундайлар боло берет
-6
Birimdik5555
2021-10-06 10:33:51
Эмдиги жылы озубуздо да ГЭС тер курулат деди го ажобуз, кичине чыдай тургула эми. Бирок Тажикстанга чек араны ача корбогуло
+2
Nursul
2021-10-06 10:37:09
Үмүт деле жок болуп калды бийлик өкүлдөрүнөн. Биздин заманда болбосо да кийинки муундардан иштин көзүн ачкан эл жер үчүн мыкты иштеген уул кыздар чыгат деп ошол жактан үмүт кылам. Азыркылар эшектин тушоосун чече алышпайт.
+4
emirchik
2021-10-06 10:38:08
Кычырагын суукта Январда Тажикстан Свети очурот коробуз ошондо
+3
Baktiyar731
2021-10-06 10:56:26
Жалган сөз орун таппайт, башынан бери алдап келет!
+3
bond02
2021-10-06 12:28:33
Баасын айтпагыдай атандын акчасына сатып алып жаттын беле? Коррупция го э.
+2
nur...nur.
2021-10-07 08:38:09
Эптеп чек араны ачыш керек болуп жатабы шылтоо кылып.Бизде суу ГЭС толтура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан