Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте “Ынтымак” саясий партиясынын кезексиз съезди өтүүдө.
Анда аталган партиянын төрагасы Марлен Маматалиев алдыдагы шайлоодо жеңишке жетерине ишеними күч экендигин билдирди.
“Жогорку Кеңешке бара жаткан биздин командабыз уникалдуу десем ашыкча кетпейм деп ойлойм. Анын ар бир мүчөсү башкаларга үлгү, шык бере алат деп бүтүн жүрөктөн ишенем.
Жогорку Кеңешке шайлоодо жеңишке жетебиз деген дымактуу амбициябызга негиз бар. Бул жарышка ушундай команда менен бара жатканыбызга сыймыктанам”, - деди Маматалиев.