Бүгүн, 22-октябрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 125 жарандан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек - 58
Ош шаары - 3
Чүй облусу – 36
Ош облусу – 5
Талас облусу - 2
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу – 12
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен облусу - 4
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 180 миң 348ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 59ду түздү. Муну менен республика боюнча инфекциядан айыккандардын жалпы саны 174 миң 934 болду.