Акыркы сутка ичинде дагы 967 адам коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркап жатканы тастыкталды. Муну менен республика боюнча аталган илдетке кабылгандардын жалпы саны 30 миң 326 болуп калды. Мындай маалымат менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тааныштырды.
Бишкек шаары – 202;
Ош шаары – 100;
Чүй облусу – 94;
Ош облусу – 136;
Талас облусу – 36;
Нарын облусу – 41;
Ысык-Көл облусу – 138;
Жалал-Абад облусу – 157;
Баткен облусу – 63.