31-октябрга карата өлкөдө 78 бейтап коронавирус илдетинен сакайды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Штаб берген маалыматка ылайык, стационарда 723 жана амбулатордук түрдө 696 адам дарыланып жатат.
Республика боюнча пандемия башталгандан бери, тагыраагы 2020-жылдын март айынан тарта 175 миң 646 бейтап коронавирус илдетинен айыккан.