Акысыз билим алуу үчүн ТОП-6 өлкө

Чет элдик студенттерге акысыз билим берген алдыңкы өлкөлөр.

Суроо: Кыргызстандагы студенттер Европада кантип акысыз билим алса болот?

Кыргызстандагы ар бир студент чет өлкөдө билим алууну кыялданат. Чет өлкөлөрдө мүмкүнчүлүктөр, инфраструктура бир топ өнүккөн. Ашыкча окуу акысы, жашоо наркы менен бирге дээрлик бардык студенттер үчүн көйгөйгө айланууда. Бирок эң сонун жаңылык бар. Кээ бир өлкөлөр чет өлкөлүк студенттер үчүн акысыз билим алууну сунуштайт. Чындыгында, сиз жатакана үчүн гана төлөп, толугу менен акысыз жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Көптөгөн европалык университеттер бекер окуу программаларын сунуштайт. Бирок айта кетчү нерсе,
ар бир өлкөнүн чет элдик студенттерге карата өзүнүн эрежелери жана талаптары бар.

6 багытты белгилеп кетейин:

  • Германия
  • Австрия
  • Чехия
  • Италия
  • Испания
  • Словакия

Төмөндө мен бул өлкөлөрдө окуунун оң жана терс жактары тууралуу сөз кылам.

1 Германия

Белгилүү болгондой, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 12 жылдык мектеп билим берүүсү бар. Германия дагы алардын катарына кирет. Аталган өлкөнүн университеттерине өтүү жеңил деп айта албайм. Бирок тапшырууга мүмкүн. Ал үчүн Кыргызстандын ЖОЖдорунда бир жыл окуу керек же ЖОЖго чейинки даярдык программасынан (Studienkolleg) өтүү зарыл. Ошондой эле В-2 деңгээлинде тил билүү, өзүңүздө тамак-аш жана жатаканага да каражат болушу керек.

Германияда акысыз билим алууга болот. Бирок бир семестрге орточо 200-700 еврону түзгөн төлөм бар. Төлөмдүн баасы университеттен көз каранды. Бул төлөм китепкана, студенттик ашкана, студенттик жана жол билеттерин пайдалануу кызматтарын камтыйт.

Studienkolleg даярдоо программасына кирүү үчүн тандап алган багытка жараша немис тилинен кирүү сынактарын жана атайын предметтер боюнча экзамендерди тапшыруу керек.

Виза алуу үчүн немис банкында бөгөттөлгөн эсебиңиз болушу керек. Эсепте кеминде 10 300 евро болушу абзел. Бул каражаттар турак жай, жол кире, тамак-аш жана башка чыгымдарга жумшалат.

Германияда окуунунун артыкчылыктары:

1. акысыз окуу мүмкүнчүлүгү;

2. университеттердин жогорку рейтинги;

3. карьерагы өсүш;

4. Жашоонун жогорку деңгээли.

Терс жактары:

1. ЖОЖго кирүү процесстери татаал;

2. ЖОЖдор үчүн чоң атаандаштык;

3. Бөгөттөлгөн (банктык) эсеп;

4. Виза алуу процессинин татаалдыгы;

5. Жашоо жана тамак-ашка көп чыгым.

2 Австрия

Австриянын ЖОЖдорунун Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттерине койгон талаптары Германиянын университеттерине караганда алда канча жөнөкөй. Анда мектепти аяктагандан кийин, эгерде сизде A2 баштапкы деңгээли болсо дароо кабыл алынат.

Мамлекеттик жогорку окуу жайларында билим алуу акысыз, бирок семестрдик төлөм 760 евро төлөнүшү керек.
Бул каражаттар университеттин артыкчылыктарына жетүү жана окуу процессиңизди жакшыртууга да жумшалат.

Көбүнчө медицина, спорт жана чыгармачылык кесиптерден башкасы кирүү экзамендери болбойт. Албетте, окутуу тили немис тили, бирок англис тилиндеги программалар да каралган.

Ошол эле учурда Германияда жана Австрияда жашоо кыйла кымбат – орточо керектөө айына 900-1000 еврону түзөт.

Австрияда окуунун артыкчылыктары:

  1. Билим сапаты жана жашоо;
  2. түздөн-түз университетке тапшыруу мүмкүнчүлүгү;
  3. төмөнкү тил талаптары (A-2);
  4. карьерадагы өсүш

Терс жактары:

1. ЖОЖдорго кирүү процессинин татаалдыгы жана узактыгы;

2. виза процессинин татаалдыгы жана узактыгы;

3. жашоо жана тамак-ашка чыгымдардын көптүгү.

3 Чехия

Эгер сиз Чехияда окусаңыз, ал жактагы университеттерде окуу бекер. Чех тили славян тилдеринин тобуна кирет. Ошондуктан орус тилдүү студенттер тилди тез өздөштүрүп, жаңы чөйрөгө ыңгайлашып кетет. Тактап айтканда, башка чет өлкөлүк студенттерге салыштырмалуу үйрөнүү бир топ жеңил болот.

Акысыз окууга кирүү шарттары башка өлкөлөргө салыштырмалуу жөнөкөй. Абитуриенттер чех тилин B1-C1 деңгээлинде билүүсү кажет (тандалган багытка жараша: медициналык, юридикалык жана гуманитардык факультеттерге коюлган талаптар техникалык жана чыгармачылык адистиктерге салыштырмалуу бир топ жогору). Ошондой эле кирүү экзамендерин тапшыруу жана баарлашуу (аңгемелешүү) бар.

Студенттердин Чехияда окууну жактырганынын себептеринин бири – салттардын жана
жашоо образынын окшоштугу. Географиялык жайгашуусу, жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору болушу жана
жакшы окуу көрсөткүчтөрү менен стипендияга ээ болуу мүмкүнчүлүгү.

Мындан сырткары Прага жашоонун баасы боюнча кыйла демократиялуу шаар. Себеби турак жайды ижарага алуу, тамак-аш жана транспорттук чыгымдар айына 500 еврого туура келет.

Чехияда окуунун артыкчылыктары:

1. Акысыз билим алуу;

2. тил үйрөнүүнүн жеңилдиги;

3. жашоо жана тамак-ашка чыгымдар аз;

4. жумушсуздуктун деңгээли төмөн;

5. даярдоо курсуна тил билбестен кирүү мүмкүнчүлүгү.

Терс жактары:

1. процесстин узактыгы (процессти 9-12 ай мурун баштоо керек);

2. аттестатты же дипломду нострификациялоо.

4 Италия

Италия - маданий жана тарыхый мураска бай, кооз өлкө.

Италиянын мамлекеттик университеттери дүйнө жүзүндө студенттерди жогорудагы артыкчылыктары менен гана эмес, ошондой эле мамлекеттик университетте окуу акысынын арзандыгынан (жылына 500 еврого жакын) тартууда.

Италиянын ЖОЖдору Кыргызстандан 11-класстан кийин бакалавр даражасына абитуриенттерди кабыл албайт.
Анткени ага милдеттүү түрдө жалпы 12 жылдык билими болушу керек. Ошондуктан кабыл алуу үчүн биринчи кезекте Кыргызстанда университетте бир курсту бүтүрүү зарыл же Италия университетинде Foundation программаларынан өтүү керек.

Италияда Foundation программаларынын баасы орто эсеп менен 5000 долларды түзөт. Аталган программага кабыл алуу үчүн абитуриентке B1-B2 деңгээлинде англис тили керек (италия тилин билүү талап кылынбайт). Окуу курсунун аягында студент италия тилинде сүйлөп калат. Ошондой эле англис жана италия тилдеринде (В2 деңгээлинде) бакалавр окуу системасына кире алат.

Италиянын университеттери студенттерге чоң өлчөмдө стипендия төлөп берет. Мындай каржылык колдоо университеттин жылдык төлөмдөрүн, турак жай, тамак-аш, транспорт жана башка чыгымдарын жаба алат. Стипендияга бардык адистиктер боюнча (кайсы курста окуганына карабай) окуган студенттери кайрыла алышат. Стипендиянын суммасы 1 миң евродон 10 миң еврого чейин. Бирок аны баары эле ала албайт.

Италияда окуунун артыкчылыктары:

1. окуу акысынын төмөндүгү;

2. англис тилинде окуу мүмкүнчүлүгү;

3. 5200 миң евро өлчөмүндө жыл сайын берилүүчү атайын стипендия;

4. кирүү сынактарынын жотугу;

5. өнүккөн өлкө жана карьералык пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк.

Терс жактары:

1. 11-классты аяктаган соң түз тапшыруу мүмкүнчүлүгү жок;

2. ЖОЖдорго тапшыруу процессинин татаалдыгы;

3. виза процессинин татаалдыгы;

4. бюрократиянын өтө эле ашыкча күч менен энергияны алганы.

5. Испания

Испанияда билим алуу үчүн акы төлөнөт. Бирок жеке университеттерге салыштырмалуу мамлекеттик университеттерде окуу арзаныраак. Мамлекеттик окуу жайларда бир жылга окуу акысы 700 евро төлөнөт.

Жеке университеттер тууралуу айтсак, окутуунун баасы чет өлкөлүк жана жергиликтүү студенттер үчүн бирдей.
Мисалы, жеке университеттердин экономика факультетинде бир жылга окуу акысы 10 000 евродон башталат. Кошумчалай кетсек, 2014-жылдан бери Испания чет элдик студенттер үчүн Selectividad кирүү сынагын жокко чыгарууну чечти жана ушул себептен талапкерлер испан университеттерине оңой кире алышат.

Испанияда окуунун артыкчылыктары:

1. ыңгайлуу баада сапаттуу билим;

2. жагымдуу климат;

3. виза алуудагы жеңилдик;

4. окуу жайга тапшыруу процессинин жөнөйкөйлүгү.

Терс жактары:

1. башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу узак окутуу;

2. жумушсуздардын деңгээли жогору;

3. абанын жогорку температурасы (түштүк аймагында 40-45 градуска чейин).

6. Словакия

2014-жылдан бери Словакиянын бардык мамлекеттик университеттеринде бардык чет өлкөлүк студенттер
үчүн билим алуу, словак тилинде окутуу шарты менен акысыз болуп келет.
Жогорку билим алууда Словакияда даярдоо курстарына гана акы төлөнөт. Алардын баалары 2600 евродон башталат.

Словакиядагы мамлекеттик университеттин диплому менен Евро Биримдиктеги каалаган өлкөдө иштесеңиз болот. Ошондой эле эч кандай көйгөйсүз аталган өлкөнүн диплому менен Европадагы башка өлкөлөрдө жашап, магистратурада окуй аласыз. Словакиянын Евро Биримдиктен тышкаркы дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы өлкөлөрү менен дипломдорду өз ара таануу боюнча эл аралык келишимдери бар.

Словакияда жашаган чет өлкөлүк студенттердин каржылык чыгымдары Евро Биримдиктин башка өлкөлөрүнө караганда кыйла төмөн. Орто эсеп менен чет өлкөлүк студенттин жатаканасы жана тамак-ашы айына 250-300 еврону түзөт.

Словакияда окуунун абдан маанилүү артыкчылыгы - бул орус тилинин словак тилине жакындыгы. Бул окуу жайга тапшырууга даярданууну гана эмес, Словакия университетинде иш жүзүндө окууну да абдан жеңилдетет.

Словакияда окуунун артыкчылыктары:

1. Акысыз билим алуу;

2. Европадагы жашоо үчүн эң аз чыгымдар;

3. тил үйрөнүүнүн жеңилдиги;

4. виза алуунун жеңилдиги.

Терс жактары:

1. Университеттердин чакан тандоосу жана дүйнөдөгү рейтинги.

Бул өлкөлөр боюнча чакан талдоо, биз кененирээк Logos компаниясынын кеңсесинде акысыз консультация бере алабыз.

Суроо: Европадагы билим берүүнүн кандай жалпы өзгөчөлүктөрүн баса белгилей аласыз?

Европадагы билим берүүнүн жалпы өзгөчөлүктөрү:

* Эл аралык диплом

Окуу жайды аяктаган соң дүйнөлүк стандартка жооп берген диплом берилет.

Европа Биримдигинин дипломдору дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бааланат. Европа университетинин дипломун алып, сиз Европада, АКШда жумуш издей аласыз.

* Туруктуу турак жай алуу үчүн жол

Европадагы университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө мындан ары туруктуу жашоо үчүн бир жыл ичинде жумуш табуу мүмкүнчүлүгү берилет.

* Европанын ичинде кыймыл эркиндиги

Европада окуу сизге Европанын бардык өлкөлөрүндө оңой жана тез жылып чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет – сизге визанын кереги жок. Дем алыш күндөрү сиз эң жакшы шаарларга барсаңыз болот. Ошондой эле сизге жаккан транспортту тандасаңыз болот, баасы дагы ыңгайлуу.

* Жумуш менен окууну айкалыштырса болот

Студенттик виза менен сиз жумасына 20 саатка чейин иштей аласыз. Мында жумуш сиздин жашоо жана тамактануу чыгымдарынын көбүн өз алдынча жабууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Суроо: Европада бекер билим алуу жөнүндө дагы эмнени эстен чыгарбашыңыз керек?

Европада окуп жатканда кээ бир жагдайларды эске алуу керек: Ар бир өлкөдө окуунун белгилүү бир шарттары бар, алар ар өлкөдө айырмаланып турат. Бирок дээрлик бардык жерде бир нече талаптар бар: семестрдик төлөмдү төлөө жана виза ачуу үчүн эсепте белгилүү бир суммадагы акчанын болушу;

Көптөгөн Европа өлкөлөрүндө кирүү сынактары жок, бирок сертификаттын орточо баллы маанилүү ролду ойнойт. Башкача айтканда, мектептеги баалар эң жакшы болсо, Европа өлкөлөрүндөгү университеттерге кабыл алуу ыктымалдыгы жогору болот;

Дээрлик бардык өлкөлөрдө окуу үчүн сизге B2 жана андан жогору деңгээлдеги тилди билүү керек,
болбосо тил курстарында окутуу сунушталат.
Чет өлкөлүк ЖОЖдорго кирүү мүмкүнчүлүгү жогору болушу үчүн университетке тапшыруудан мурун тилди үйрөнүүнү баштоо маанилүү;

Эгерде абитуриент медицинага же чыгармачылыкка байланыштуу адистикке кирүүнү кааласа,
көбүнчө кошумча сынактар ​​талап кылынат.

Суроо: Акысыз окутуу эч кандай чыгымды билдиреби?

Жок. Биз акысыз окуу тууралуу сөз кылып жатабыз. Жашоо, тамак-аш үчүн чыгашаларды сиз өзүңүз камсыздайсыз. Бул чыгашалар олуттук болушу мүмкүн. Мисалы, Германия, Австрияда айына 900-1000 евро, Италияда жана Испанияда 600-800 евро, Чехияда 500 евро жана Словакияда айына 300-350 евро чыгаша болот.

Суроо: Окуу менен ишти айкалыштырса болобу?

Ооба, мүмкүн. Европанын бардык өлкөлөрүндө студент аптасына 20 саат иштөөгө укугу бар. Мисалы, биздин Чехиядагы студенттерибиз жашоо жана тамак-ашка чыгашаны өздөрү каржылайт.

Суроо: Европадагы ЖОЖдор тууралуу түшүнүктүү болду, ал эми АКШда акысыз окууга эмнелер тиешелүү?

АКШда бардык билим берүү мекемелери акылуу 4 жылда универститетке болжолдуу 140-180 миң доллар сарптайсыз (анын ичинде жатакана жана тамак-аш бар). Бирок бул орточо кирешеси бар кыргызстандык үчүн Америка университеттерине жол жабык дегенди билдирбейт. Стипендия же грант утуп алуу менен чыгымдарды азайтса болот.

Көпчүлүк стипендиялар үчүн орточо камтуу окуу акысынын 25-50% түзөт. Бирок кээ бирлери бардык чыгымдарды төлөшөт: окуу, жатакана жана тамак-аш. Бакалаврлар үчүн каржылоо кыйыныраак болот - абитуриенттер дагы көп, ошондуктан атаандаштык жогору.

ЖОЖдорго абитуриенттер тандап алынган стандарттык талаптар бар:

  • сертификаттын орточо баллы GPA;
  • англис тилин билүү деңгээли: IELTS жана TOEFL;
  • стандартташтырылган тесттердин натыйжалары - SAT/ACT/GMAT/GRE;
  • мотивациялык кат;
  • сунуш каты;
  • студенттин социалдык абалы жана класстан тышкаркы иштери жөнүндө портфолио/резюмеси. ;
  • университеттин өкүлдөрү менен аңгемелешүүнүн жыйынтыгы.

Эгер сиз жогорудагы талаптарга жооп берсеңиз, бюджеттик орунга талапкер боло аласыз. Бирок катышуучулардын саны көп экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан олуттуу жетишкендиктер менен да каржылык орун алуу үчүн толук кепилдик бербейт.

3 жыл мурун биз "Келечектин лидерлеринин мектеби" аттуу долбоорду ишке киргизгенбиз. Долбоордун алкагында 8-10-класстын окуучуларын дүйнөлүк ЖОЖдорго гранттык орундарга тапшыруу үчүн комплектүү даярдайбыз.

Бардык бүтүрүүчүлөрүбүз АКШ, Түштүк Корея, Венгрия, Финляндия, Түркия, Гонконг, Канада жана башка мамлекеттердин университеттерине 70%дан 100%га чейин гранттык орундарга тапшырышат. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Келечекте алар мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошот деп ишенебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан