Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы орусиялык Спутник Лайт вакцинасынын 200 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, вакцина өлкөгө 12-ноябрда алып келинген.
Орусия өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз өлкөсүнө COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында Спутник Лайт вакцинасынын 200 миң дозасы кайтарымсыз негизде жеткирилген.
Белгилей өтсөк, Орусия Кыргыз өлкөсүнө COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында
1 миллион 200 миң доллардан ашык каражат бөлгөн.