Ошто аял кишилер күйөөлөрүнө кол көтөргөн 7 учур катталды

Ошто аял киши күйөөсүнө кол көтөргөн 7 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйында билдирди.

Жыйында комендантка Ош аймагында карантин маалында катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка кылмыш-кырсыктар тууралуу суроо узатылды.

"Жалпысынан Ош облусу жана Ош шаары боюнча 65 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган. Анын ичинде бир гана жубайлар ортосундагы эмес, ага-ини урушуп кеткен учурлар, кайнене менен келин урушкан учурлар дагы кездешет. Мындай фактылар пандемияга чейин деле болуп келген. Кайра жарашып алган учурлар бар. Ошондуктан бул окуялардын бардыгына эле иш козголгон эмес. Мындай учурларды факты катары каттайбыз жана бузуулар кодексинин негизинде чара көрөбүз. Жалпысынан кылмыштуулук төмөндөдү", - деди Малик Нурдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
XATSAN125
2020-04-20 13:49:24
Ушундай сандырак жанылык жазбай эле койгулачы
+12
sirenaaaaa
2020-04-20 13:52:02
Байкуш эркектер дегендей эле жазыптырсынар го. Уйдо баатыр, Жоодо жок эркектер кобоюп кетти. Аялын арызданса значит эркек деле эмес го
-8
kuttubekuzgen
2020-04-20 14:28:21
sirenaaaaa,эмнеге аялын куйоосу сабап койсода эркек куноолу боло берет анан куйоосун аялы сабап койсода кайра эле эркек куноолу боло берет?
+5
murat17
2020-04-20 14:51:42
kuttubekuzgen,ошону айт катуу шамал болсо да эркектер кунолуу кыш эрте тушуп калса дагы эркек кунолуу ха-ха
+3
futboler
2020-04-20 16:15:21
Мына сага
-1
Nur777
2020-04-21 00:12:16
Негизи Ош жакта аялдарды эркекке ойдо каратпайт дешчу эле,наоборот экен,кечээ бир видео кордум,аялы куйоосунон калбай муштап атат,унчукпай согушуп атат го))) Абересиз абжем менен Шашлык жейм эжебиз эле чего стоит))) Тамаша... Бирок акыркы убакта тажаал аялдар кобойуп кетти,аялдын эркиндигин чектеп атасынар дегени менен аялдар ээн-эркин куулуу-кучтуу эле журушот баардык жерде,бироо гаишниктин каллясын жулам деп журсо,бироо данкыйган джип минип алып куйоом ГКНБда иштейт деп опузалап журот..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан