Сизде ишти таштап, жөн гана ырахаттанып жашоону каалаган учур болду беле? Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 28ден 40 жашка чейинки адамдардын жарымынан көбүндө мындай ойлор пайда болот.
Мындан улам миллениалдар арасында ( 1981-жылдан кийин төрөлгөндөр) FIRE (англ. Financial Independence, Retire Early - "каржылык көз карандысыздык, пенсияга эрте чыгуу") кыймылы барган сайын популярдуу болуп бара жатат. Бул кыймыл каржылык көз карандысыздыкка эрте жетип, пенсияга чыгып кеткидей жашоону сунуштайт.
Бир караганда ишке ашпай тургандай максатка кантип жетсе болот? Карап көрөлү.
Каржылык көз карандысыздык агрессивдүү экономиканын аркасы менен ишке ашат. Бул сөз болуп жаткан кыймылды колдогондор ай сайын алган кирешенин 80% пайызын сактайт дегенди билдирет.
Математикадан бир аз: эгерде киреше менен чыгыша туруктуу болсо жана өзүнчө бөлүп, сактап койгон каражаттын пайыздарын капарга албасак, анда:
10 %ды сактаганда, 1 жылдык чыгашаны жапкыдай каражат топтоо үчүн 9 жыл иштеш керек.
25 %ды сактаганда, 1 жылдык чыгашаны жапкыдай каражат топтоо үчүн 3 жыл иштеш керек.
50 %ды сактаганда, 1 жылдык чыгашаны жапкыдай каражат топтоо үчүн 1 жыл иштеш керек.
75 %ды сактаганда, 1 жылдык чыгашаны жапкыдай каражат топтоо үчүн 0,33 жыл иштеш керек.
Бул эсеп көбүрөөк чогултсаңыз, пенсияга кетүү убактыңыз алда канча кыскара тургандыгын көрсөтөт.
Ал эми каражатты жөн гана чогултпастан, аны кантип көбөйтсө болот?
Батышта адамдар көбүнесе чакан инвестициялык фонддордун кызматтарын колдонушат. Бизде болсо эң мыкты вариант – банкта депозит ачуу. Анын артыкчылыктары булар:
Акчаны улуттук валютада сактоо эң пайдалуу. Эң бийик пайыздарды мисалы, Банк Компаньон сунуштайт. Бул жакта сом түрүндө жылдык 13% алса болот.
Компаньон Банкы – 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу. КРнын депозиттерди коргоо боюнча Агенттиги КРнын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык, ар бир аманатчыга каражатты кайтарып берүүгө кепилдик берет. Башкача айтканда, кепилдик учур келгенде, аманатчыларга аманаттар боюнча пайыздык чендерди кошкондо 200 миң сом компенсация төлөнүп берилет.
Ошентип депозитке акча топтоо менен, кыйла жаш кезде финансылык көз карандысыздыкка жете аласыз. Ишти таштоонун кажети жок, болгону сиз азыраак киреше алып келген, бирок сиз үчүн көбүрөөк ырахат тартуулаган ишти тандап алсаңыз болот. Же болбосо акча табууга канча убакыт сарптоону өзүңүз чече аласыз. Бул чаралар өзүңүзгө болгон ишенимди арттырып, келечекте татыктуу жашоо деңгээлин камсыздайт.