Бакытбек Жетигенов жөнүндө чечим кабыл алынбай калган
Аталган депутаттык комиссиянын корутундусунда Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров боюнча гана маселени караган. Комиссиянын төрагасы Канат Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында комиссиянын корутундусу боюнча баяндама жасаган. Анда ал Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берилбей турганы боюнча чечимди окуган. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон. Бирок айрым эл өкүлдөрү Бакытбек Жетигеновдун маселеси каралбай калганына нааразы болушкан. Канат Исаев Жетигенов боюнча корутунду даяр эместигин билдирген эле.
"Канат Исаев кайда?", "Канат Исаев ким?", "Тумшукка жеген". Депутат Токтомамбетов Исаев комиссиянын чечимин алып чыкпай жатканына нааразы
Кечээ, 9-декабрда депутат Аманкул Токтомамбетов Бакытбек Жетигенов боюнча депутаттык комиссиянын чечимин Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыкпай жатканына нааразы болду. "Канат Исаев кайда? Кечээ кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын бүгүн алып чыгам деди эле. Канат Исаевди таап, комиссиясы чогулуп, чечимди алып чыксын. Бүгүн алып чыгам деп сөз берген.
Канат Исаев менен Бакытбек Жетигеновдун жеке мамилеси болгон экен. Бул нерсени Жогорку Кеңешке көрсөтпөсүн. Бир жыл мурун экөөнүн ортосунда ызы-чуу болгон экен. Эми тумшукка жеди деп айтпай эле коёюн. Комиссиянын төрагасы катары келип туруп комиссиянын чечимин көрсөтсүн. Жарым саат, бир саат деп өзү жок. Канат Исаевди Жогорку Кеңеш күткүдөй ал ким? Мындай адамдар керек учурда комиссияга төрага болуп калат. Мен ага ишенбөөчүлүк көрсөтөм", - деген ал.
Анда Канат Исаев комиссия эч жакка качып кетпей турганын айткан. Депутат Евгения Строкова комиссиянын курамына депутаттар Аманкул Токтомамбетовду, Алтынбек Сулаймановду, Айсулуу Мамашованы, Каныбек Иманалиевди кошууну сунуштаган.
Буга чейин Канат Исаев менен Бакытбек Жетигеновдун ортосунда кандай пикир келишпестик болгон?
2019-жылы жай айында Жогорку Кеңештин депутаттары Бакытбек Жетигенов менен депутат Канатбек Исаев мушташып кетти деген сөз тараган. Ошондо Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ал сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айткан. Исаевдин бул сөзү Жетигеновго даректелгени жоромолдонуп жаткан болчу.
Бирок Бакытбек Жетигенов эл өкүлү Канатбек Исаев менен мушташпаганын SUPER.KG порталына айтып берген. "Ошол күнү Канатбек Исаевдин кабинетине барганым чын. Мындай эле бир маалыматты тактап алайын деп баргам. Эч кандай мушташ болгон жок" деген Жетигенов. Ал эми трибунада Канатбек Исаев ал тууралуу эч нерсе айтпаганын билдирген. Исаев Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумуна келбей жүргөн. Мындан кийин Канат Исаев чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу парламенттеги отурумдарга келбей жүргөнүн айткан. "Эч кандай мушташ болгон жок. Ортобузда чыр-чатак гана чыккан. Иш бөлмөдө Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлү турганда биз мушташмак белек? Ишенбесеңер бетимдин күйгөнүн карасаңар же паспортумду көрсөтөйүнбү?" деген Исаев.
Ошентип Жетигенов боюнча түзүлгөн комиссияны Айсулуу Мамашова жетектемей болду
Жетигенов боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына Аманкул Токтомамбетов, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Каныбек Иманалиев кирип, комиссиянын төрайымы болуп Айсулуу Мамашова шайланды. Канат Исаев өз каалоосу менен төрагалыктан кеткен. Комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок. Бул маселе Жогорку Кеңеште кийинки аптада каралмай болду.