
Акыркы суткада коронавирус илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен экөө каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгондор Бишкек шаарында катталды.
Министрликтин статистикалык маалыматында коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүндө катталгандан тарта жалпы 2 миң 821 адам каза болгону көрсөтүлөт.