"Эмне үчүн биздин өлкөдөгү тепловизорлор адамдын дене табын туура эмес көрсөтөт?". Министрлик жооп берет

Бүгүн, 9-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча өткөн онлайн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айрым коомчулукта көтөрүлүп жаткан суроолорго жооп берген.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басарына "Эмне үчүн биздин өлкөдөгү тепловизорлор адамдын дене табын туура эмес көрсөтөт?" деген суроо узатылды.

"Бул орчундуу маселе. Биздеги тепловизорлордун көпчүлүгү бөлмө ичиндеги температурага ыңгайлашкан экен. Ошондуктан суук болгондо бир аз так эмес көрсөткүчтү бериши мүмкүн. Бирок кечээ Кытайдан гуманитардык жардам катары бардык шартта так көрсөткүчтү берген жаңы тепловизорлор келди. Эми тепловизорлор алмаштырылат", - деп жооп берди Каратаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
iryi1
2020-04-09 22:14:24
Мадамин Каратаев качанкы уурулар кызматтарга келе баштаган.
+3
Dani
2020-04-09 23:15:33
iryi1,ууру анан уюшкан кылмыш тобу дегеин
+2
rysik79
2020-04-10 07:02:58
Мадаминде мандем баар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан