Биз социалдык тармакта

Сокулуктагы даараткана: Мектеп директору даараткананын ачылышы кимдер үчүн уюштурулганын айтып берди

Сокулуктагы Төмөнкү Чүй айылындагы орто мектепке дээрлик 2 миллион сомго курулган даараткананын ачылышы кызуу талкуу жаратты. Ачылыш аземдеги район башчыларынын кызыл лентаны кесип жаткандагы сүрөтү талкууга жем таштаган. Төмөнкү Чүйдө жайгашкан орто мектептин директору Патима Малочиева окуя боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биздин мектепке заманбап даараткана куруп берген корей фонду акыркы 5 жыл ичинде өз каражатынан Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө түрдүү объектилерди куруп келе жатат.

2021-жылдын декабрь айында даараткананын курулушу аяктап, алар бизден ачылышын жасоону суранышкан. Алар 10-январда даараткананын ачылышына келишти. Бирок алар эки-үч күн мурун райондон жана акимияттан өкүлдөр болушу керектигин эскертишкен. Мен райондук билим берүү бөлүмүнө кабар бергем. Алар келген соң чакан чөйрөдө даараткананын салтанаттуу түрдө ачылышы болду. Биз чындап эле дааратканага муктаж болгондуктан аларга ыраазычылыгыбызды билдирдик.

Лента боюнча айта турган болсом, бул алардын салты деп койсо болот. Анткени алар да өз жетекчилигине отчёт берип, ишинин жыйынтыгын көрсөтүшөт. Ошол учурда ачылыштын жүрүшүн сүрөткө тартып жүрүшкөн. Курулушуна канча каражат кеткендигин мен так билбейм", - деди мектеп директору.

Эскерте кетсек, даараткананын ачылышынан соң Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланып, акимдин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aimani
2022-01-11 18:47:14
Сен балээге калган турбайсыңбы каяктан да чакырдың эле)))
+9
Tursunbaev1978
2022-01-11 18:58:27
Нары карап күлкүң келет,бери карап ыйлагың келет,лакапка калып кеттикко,Кыргыздар туалетке лента кесет деп,баштары барбы булардын?
+11
Nursul
2022-01-11 19:16:43
Эми даарат каналарды ушунтип ачылыш кылып калышпаса эле болду. Заманбап дегени жакшы экенго анан элдер кире беришеби же деректир кулпулап ачкычын бекитип алабы? Көпчүлүк коомдук жайларда ушундай эле элдер кирген даарат кана такыр тазалап коюшпайт ал жерге киргенден жүрөгүн айланат.
+11
topi
2022-01-11 20:21:08
Ачылыш кылса не болуптур чынында кореяда корейлердин кээ Бир туалетине Кирсен биздин АК уй жолдо калат, жашагын келет го жашагын чиркин ичинде
-2
Baatirbek81
2022-01-11 20:24:57
Лента кесилгенден кийин патыныска нан менен каймак жедирсеңер тема болмок!
+15
PATRIOT-BALA.KG
2022-01-11 20:56:31
Калп айтпачы көп. Зам.аким экооң эле жүрөсүңөрго араб-сарабы жок эле!
+4
Alixan-Nookat.2015
2022-01-11 21:42:53
Лентаны кескенден кийин ким биринчи отурду ошонуда тартып чыгарып койсонор болмок.
+14
Medina87
2022-01-12 00:36:38
СУПЕР.КЖ. Сайты!
Силер аркылуу Буткул Дуйно жузу КЫРГЫЗ жергесиндеги Жанылыктарды коруп, окуп отурат!!!
+4
Jaraisyn
2022-01-12 09:58:10
Medina87,Туура айттыңыз. Чоңураак чычып койсо да жетип барып тартып чыгара бересиңерби? Кыргызды өзү дүйнөгө макьап же ашкере кылып жаткан да супер, спутник, азаттык. Азаттык менен спутникти биротоло ишмердүүлүгүн токтотуп салыш керек.
+3
tsunse
2022-01-12 21:23:46
Жылкы союп ачылышын кылбайт белеңер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан