Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү Талгат Шамиевдин апасын президенттик администрациянын кызматкери кабыл алып, талаптарын укту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шамиевдин жакындары кабарлашты.
Ага ылайык, президенттик администрацияга шектүү Талгаттын апасы Калима Исакова баштаган жалпы 5 адам кирген. Алар кылмыш учурунда Талгат нес абалында болгонун, аны атайын экспертиза тастыктап бергенин айтышып, сот калыс чечим чыгарып берсин деген талаптарын айтышкан.
Кабыл алуунун аягында президенттик администрациянын кызматкери алардын талаптарын Садыр Жапаровго жеткирүүгө убада берген.
Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.
SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.