Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчи кызматына УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги каралат.
Идрис Кадыркулов 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын май айына чейин УКМКнын төрагасы кызматын аркалап келген.