УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тараткан билдирүүгө ылайык, Кадыркулов отставкага кетүүсүн азыркы паспорт чырына байланыштырган.

"Акыркы убактарда жалпыга маалымдоо каражаттарында, өзгөчө өкмөттүк эмес уюмдарда биометрикалык паспортторго бланктарды сатып алуу боюнча териштирүү иштери УКМК тарабынан объективдүү эмес жүргүзүлүп, иште менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат.

Мамлекеттик комитет тарабынан бул материалдар, Мамлекеттик каттоонун кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланганы боюнча жетиштүү далилдер бар экендиги тууралуу бир нече пресс-релиздер берилген. Буга карабастан бул абал коомчулуктун реакциясына кабылып жатат.

Бул кырдаалды эске алуу менен, тергөөдө менин эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан кетүүнү чечтим", - деп билдирген ал.

Кадыркулов бул кызматка өткөн жылдын апрель айында дайындалган.

Ресторан, тендер, паспорт...УКМКнын төрагасы кызматтан кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан