Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түштү. Мындан сырткары өлкөбүздүн булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат", - деп жазды Төрөбаев.
23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатып, иниси Шаирбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшыруусун суранганын айткан.