Жалал-Абадда алтын кен иштетүүчү ишкананын эки кызматкери кар көчкү алдында калып каза болушкан. Бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттар эки кызматкердин каза болгондугу тууралуу маалыматты угушту.

Парламенттин маалымат кызматынан белгилешкендей, жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кырсык боюнча маалымат берди. Ал окуя 21-январда орун алганын белгиледи. Айтымында, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы тууралуу эскертүү берген. Ага ылайык, кар көчкү түшүрүү иштери аткарылбашы керек болчу.
Ал эми жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова каргашалуу окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн белгиледи. "Азыр комиссия "Вертекс Голд Компани" ишканасынын ишке ашырылып жаткан долбоорлорун изилдеп жатат. Мындан тышкары өнөр жай коопсуздугу, тоо-кен коопсуздугу жана экологиялык коопсуздук боюнча бардык эксперттик корутундулары көтөрүлүп, өндүрүш процессинин коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилип жатат. 5-февралда комиссия өз жыйынтыгын чыгарат", - дейт Кутманова.
Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү эки кызматкердин өлүмү боюнча ар тараптуу жана кылдат иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешип, ишканаларда коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыздоо жана өндүрүштөгү кырсыктарды болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Эске салсак, 21-январда Жалал-Абадда кар көчкү 2 кишини басып калганы, алардын бирөөнүн жансыз денеси табылганы
маалымдалган. Кийинчерээк дагы бир кишинин жансыз денеси табылганы кабарланып, каза болгондор "Вертекс Голд" ишканасынын 31 жаштагы жана 30 жаштагы кызматкерлери экени
такталган.