Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы тосмолордун уурдалуусу боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы тосмолордун уурдалуусу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “CHINA ROAD” жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү милицияга кайрылып, аталган ишкана курган Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун 364-чакырымында, тактап айтканда Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо курулган көпүрөнүн темирлери уурдалганын билдирген. Натыйжада 200 миң сом зыян келген.

Аталган факты 18-январь күнү каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Анын жүрүшүндө Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 364-чакырымындагы көпүрө Калмак-Кырчын айылынан 2 чакырым алыстыкта калктуу конуш жок жерде жайгашкандыгы жана анын капталындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см. болгон темирлери жок тургандыгы аныкталган.

Учурда бул боюнча аталган айылдын тургундары суралып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан