Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы тосмолор уурдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Жалал-Абад-Казарман участогундагы жол курулуш материалдары уурдалып, милицияга аларды уурдатпай көзөмөлдөп берүү өтүнүчү менен подрядчик «Чайна роуд бритш энд копорейшн” компаниясы кайрылган. Сузак районундагы Калмак - Кырчын бөлүгүндөгү көпүрөнүн тосмосу уурдалып, подрядчик өткөн жылдын декабрь айында дагы милицияга арыз жазган.
Ошондой эле жолдун 338-чакырыман 408-чакырымына чейинки бөлүгүндө жолдогу курулуш материалдары тынбай уурдалып жатканын кабарлаган.
Ал эми жолдун аталган бөлүгү курулуп бүтүп, мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүлүп берилген жана жол курган компания келтирилген зыяндын ордун толтурбастыгын билдирген.
Жалпы жолдогу уурулуктан келтирилген зыяндын суммасы 250 миң сомдон ашкан.
Буга байланыштуу жол курган компания укук коргоо органдарына дагы бир жолу кайрылууда. Анткени мындай окуялар, мамлекетке каржылык жана чет элдик инвесторлордун алдында аброюн түшүрүүдө деп эсептейт.