Ош. Борбордук аянттагы митингге Камчыбек Ташиев келди

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен өтүп жаткан митингге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев келди. Облустун башка райондорунан да элдер келип, митингчилердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунун тургундары митингге чыгышкан. Митингчилер тарабынан тосулган жол кечки саат 17:15те ачылган. Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан