Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда башкы прокурор Аида Салянова тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. Анын айтымында, чогулгандардын саны 300-400дү түздү.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунда жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Жол тосуу менен уланган митингдин уюштуруучулары жолду кечки саат 17:15те ачышкан. Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.