Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Депутатты бошотуу талабы менен бүгүн, 22-ноябрда Ош облусунун борбордук аянтында да митинг өтүп жатат.