Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Митингдин катышуучулары соттун чечимин күтүп турушат. Эгер Келдибеков үй камагына чыгарылбаса, Ош-Бишкек унаа жолун тосушарын айтышты тарапташтары. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Депутатты бошотуу талабы менен бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткенин депутат Надира Нарматова билдирген.