Депутат Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча акыркы чечимди өзү кабыл ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-мартта журналисттерге билдирди.
"Шайлоочулардан кайрылуу болду. Фракция бул маселени карады. Алар чечим чыгарышат. Акыркы чечим өзүбүздөн болот", - дейт ал.
Шаирбек Ташиев агасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен бул темада сүйлөшкөнүн айтып, алар кеңешип жатканын билдирди.
23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатып, иниси Шаирбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшыруусун суранганын айткан.
26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу жасагандыгын билдирген.