“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” сынагынын тандоо туру аяктады. Бул туурасында фестивалдын координатору Чолпон Идрисова билдирди.
Маалыматка караганда, кинофестивалга катышуу үчүн КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнөн 200гө жакын билдирүү келип түшкөн. Тандоо комиссиясынын чечими менен Эл аралык кинофестивалга 13 тасма катышууга укук алышкан.
Алар:
1. “Сакура” - Новруз Хикмет, Азербайжан;
2. “Субстанция: молоко” - Наталья Меркулова, Орусия;
3. “Сундук” - Сабина Сагадеева, Өзбекстан;
4. “Рождение оракула” - Рао Хеймитс, Эстония;
5. “Ваня” - Оксана Артеменко, Украина;
6. “Алмаз” - Виктор Аслюк, Беларусь;
7. “Отец” - Айнур Исмаилова, Казакстан;
8. “Ана” - Наталья Шауферт, Молдова;
9. “Урсус” - Рейнис Питерсон, Латвия;
10. “Алхас и Джульета” - Ашот Кещян, Армения;
11. “Между” - Шарофат Арабова, Тажикстан;
12. “Поколение войны” - Давид Пипиа, Грузия;
13. “Зефир” - Наргиза Маматкулова, Кыргызстан.
Жеңүүчүлөр 15-декабрда "Манас" кинотеатрынын чоң залында өтүүчү кинофестивалдын салтанаттуу жабылышында жарыяланат. Ал эми фестивалдын ачылыш салтанаты 12-декабрда болот.