Президент: "Алымкадыр Бейшеналиев менен Курманкул Зулушев экөөндө тең күнөө бар"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде башкы прокурор Курманкул Зулушев жана коррупцияга шектелип жаткан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча маалымат берди. Тагыраагы, атайын комиссия түзүп, жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын айтты.

Суроо: Саламаттыкты сактоо министри үй камагына чыкты, ошол эле учурда Башкы прокурор кызматын кайра уланта баштады. Коомчулук болсо бул жерде "соодалашуу жүргөн окшойт" деген күмөн ойлорду билдирүүдө. Анткени алгач бул иште комиссия түзүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевди Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн жеке мамилеси бар деген мааниде кызматтан убактылуу четтеттиңиз эле. Иш болсо тергелип бүтө элек да?

Жооп: Соодалашуу жүргүдөй мен кимиси менен соодалашам? Эмне деп соодалашам жана эмне үчүн соодалашам? Бир гана максат менен экөөнү тең кызматтан четтеттим. Өзүм үчүн так билип алайын деп, адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүздүрдүм. Илгери бала кезибизде бир туугандар бири-бирибиз менен уруша кетсек, атабыз экөөбүздү тең сабап, тынчытып коёр эле. Энем байкуш мага болушуп, "ай Садырда күнөө жок болчу, күнөө тигиде, биринчи ошол баштады" десе атам: “Керкисинде да бар, кемтигинде да бар” деп коёр эле. Анын сыңарындай экөөндө тең күнөө бар. Өтө эле жогорку деңгээлде күнөөгө тартып жиберчү кылмыш эмес болуп чыкты. Бирок экөө тең – эл үчүн, мамлекет үчүн деп күйгөн саясатчылар. Ошон үчүн баш прокурор кайра кызматына кайтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин иши тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша болот.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөн билдирген.

Кийинчерээк, башкы прокурор Курманкул Зулушев Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан