"Казино мыйзамын тез арада өткөргөндөй...". Икрамов педофилдерге катуу чара көрүүнү сунуштады

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов өспүрүмдөргө карата зомбулук жасагандарга катуу чараларды көрүү боюнча министрлер кабинетине кайрылды.

"Кечээ күнү Баткенде жүрөк ооруткан окуя орун алды. Жаш кызыбызды адам дегенге да татыбаган зөөкүрлөр мыкаачылык менен өлтүрүштү. Мындай жагдайлар өтө көп болуп жатат. Ошондуктан өкмөткө протоколдук тапшырма берели. Ушуларга катуу чара көрүү боюнча казино мыйзамын өткөргөндөй тез аранын ичинде мыйзам долбоорун жазып, парламентке алып келишсин, биз тез арада кабыл алып берели. Биздин уул-кыздарыбыздын коопсуздугу үчүн тезирээк кабыл алып беришибиз керек”,

- деди ал.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Холмион айыл аймагынын Ноогардан айылында саат 15-25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Акыркы убакта өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар байма-бай катталып келет. Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан