Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Британиянын падышасы Карл III'гө ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Улуу Даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.
Ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында дүйнөдөн кайтты.