Бүгүн, 9-сентябрда Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Гүлнара Баатырова мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттык сактоо министри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Ал саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп 23-августта дайындалган. Ага чейин аталган кызматты Жаркынбек Касымбеков аркалап келген. Баатырованы министрлик кызмат ордуна дайындоо сунушу Жогорку Кеңеште 7-сентябрда каралып 69 депутат "макул", 1 депутат "каршы" добуш берген.