Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кенештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов айрым аткаминерлерге иш козголуп жатканын жүйө келтирип, люстрация маселесин көтөрдү.
"Кечээ Башкы прокуратура бир нече министрлерге иш козгоп, Теңиз Бөлтүрүктү камады. Айтайын дегеним, Ширшовдун “кошелёгуна” айланган фигураларды бийликке жакындатпасак. Ушул сыяктуу бийликтен тазалансак. Дегеле люстрация мыйзамын кайра киргизишибиз керек. Себеби мамлекеттин эсебинен байыган, мамлекетти тоноп, бүлүндүргөн адамдарды кайра бийликке жакындатуу ооруга айланып калбашы керек", - деди Атазов.
Ошондой эле ал кышка даярдык, кен байлыктар, миграция маселелери боюнча министрлер кабинетинин төрагасы менен бирге Жогорку Кеңешке келип маалымат берүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура кечээ энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ала арада Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген.