Энергетика министри Доскул Бекмурзаев тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу четтетилди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы кабарлады.

"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилинде Энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура кечээ энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ала арада Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан