"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, энергетика министри жок болгон мезгилде министрдин орун басары Таалайбек Ибраевге министрдин милдеттерин аткаруу жүктөлдү",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Доскул Бекмурзаев тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу четтетилгени кабарланган.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура кечээ энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Ала арада Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген.