Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам чукул жыйын өткөрүүдө. Маалыматты SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
"Эл өкүлдөрү чукул жыйын өткөрүү үчүн чогулууда. Азырынча күн тартиби так белгилене элек",- деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматкери.
Буга чейин Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам президент Садыр Жапаров бир нече министрлер менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүп жатканы белгилүү болгон.